Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү: "Кечээ мамлекет башчы ачуу чындыкты айтты"

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев 16-марттагы парламент жыйынында кечээ мамлекет башчы ачуу чындыкты айтканын билдирди.

"Президент көптөн бери унчукпай ичине катып жүрсө керек. Жеке менин пикиримде, туура айтты. Акыры бул чындык айтылышы керек болчу. Массалык маалымат каражаттары жазганда жоопкерчиликти сезиши зарыл. Өрдөктөрдү учурбай ойлонуп, тактап жазышы керек", - деди Абдылдаев.

Ошондой эле Текебаев, Салянова, Шыкмаматовдун иши боюнча депутаттык комиссиянын мөөнөтүн узартуу жөнүндө пикирин айтты. "Бул парламенттин ички маселеси. Ар бир фракция, депутат добушу менен чечет. Жогору жактан буйрутма болду деген туура эмес", - деди ал.

КСДП фракциясынын депутаты Аалы Карашев президенттин сөзүн туура түшүнүүгө чакырды.

"Бул жерде сөз эркиндиги, жоопкерчилик жөнүндө сөз болуп жатат. Мазактады деген туура эмес", - деди Карашев.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова президент Алмазбек Атамбаев 15-мартта 5 өлкөнүн элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алуу аземинде мазак сөздөрүн айтканын билдирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан