Аткезчилик жол менен жер семирткичти Өзбекстанга өткөрүп бара жаткан адамдар кармалышты

Кечээ, 2-майда Өзбекстанга 3 тонна селитра жер семирткичин аткезчилик жол менен өткөрүп бара жаткан 3 кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет. Айтылгандай, Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен жерде жайгашкан Кара-Дөбө айылынан Өзбекстанды көздөй бара жаткан Мерседес унаасы токтотулган. Ал эми ичиндеги 3 адамдын өздүгүн тактоочу эч кандай документ болгон эмес. Учурда кармалган адамдар тергөөчүлөрдүн колуна өткөрүлүп берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан