УКМК "Бостондогу терактты уюштурду" деп айыпталып жаткан Жохар Царнаев үчүн дуба кылууга чакырган баракчаларды чаптап жүргөн адамдардын өздүгүн тактоонун үстүндө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Эске сала кетсек, Бостондо 15-апрель күнү 2 жардыруу болуп, 4 адам каза таап, 180 адам жаракат алышкан. 20-апрель түнү полиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары бир туугандар Жохар Царнаев жана Темерлан Царнаевдерди кармаган. Шектүүлөрдү колго түшүрүүдө ок чыгарууга мажбур болушуп, анда бир туугандардын улуусу Темирлан Царнаев атылган октон ооруканадан көз жумган. 19 жаштагы террорчулукка шектүү Жохар Царнаев Кыргызстанда төрөлгөндүгү жана качкын катары Бостондо жашагандыгы аныкталган.