Казакстанда пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпиону бычактан алган жаракатынан улам каза болду. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги Акмола облустук ички иштер департаментине шилтеме берүү менен жазды.
Маалыматка караганда, окуя 14-март түнү Көкшетау шаарында болгон. Анда топтошкон студенттер менен пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпиону 25 жаштагы Евгений Галузинскийдин ортосунда түшүнбөстүк чыгып, ал мушташка айланып кеткен. Ошол учурда спортчуну студенттердин бири бычак менен сайып калууга жетишкен. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ошол жерде жан берген.
Азыркы тапта кылмышка шектүү катары 5 студент кармалып, алардын бири камакка алынды. Ал эми калгандары үй камагына чыгарылды.