ЖЫЛНААМА, 16-МАРТ: Ырчы Айпери Сыдыкова "Туулган күнүмдө бир жакка качып кетким келет" дейт

Ырчы, бир катар ырлардын автору Айпери Сыдыкова бүгүн, 16-мартта 31 жашка толду. Аны куттуктап чалсак, ыраазычылыгын билдирип, "туулган күнүмдө бир жакка качып кетким келет (күлүп). Себеби көңүл борборунда болууну көп жактыра бербейм. Баары менин көңүлүмдү карап турса, ыңгайсыз болом", - деди. Ошондой эле ал өздүк майрамын жолдошу, кызы менен белгилөөнү пландап жатканын айтты.

Белгилей кетсек, Айпери Сыдыкова 1986-жылы 16-мартта Ош шаарында жарык дүйнөгө келген. "Кыз-Бурак" тобуна 2003-жылы келип, сахнага "Чын эле мени унуттуңбу?" ыры менен чыккан. 2007-жылы аталган топтон кетип, сөзү, обону өзүнө таандык "Апакай ак куу" аталышындагы ыры менен кайра сахнага жеке ырчы катары кайтып келген.

16-мартка карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Alibay
2017-03-16 17:09:16
Кыз Буракка убагында нааразычылыгынды айткан элен.Ошол топко киргенин учун аздыр коптур таанылдын.Аз да болсо.Болунуп чыккандан кийин дагы мынтип таанылып жатасын.Бул дегени бир кезде Кыз Буракта ырдаганын учун гана.А так озунун бир кулакка жагымдуу,журок жылыткан ырын жок.Эч бир."Суу ичкен кудугуна эч качан тукурбо"ошондуктан...
-7
Adiletto
2017-03-16 18:32:33
Alibay,
Аз болсо да сонун сонун ырлары бар.
Уну жакшы. Мындай пикир калтырганынар туура эмес
+6
Alibay
2017-03-16 19:27:55
Adiletto,Кайсы ыры,каармандарды жыпжыланач кылып тарткан клиптеги ырыбы.Апакай ак куу деген.Атын чыкпаса чын эле жер ортто болгон да ал клиби...
-4
morelubvi
2017-03-16 19:45:10
Alibay,Айперинин куноолорун оз мойнуна алып жатасын кудай алдында.Ушакчы дейт сендейлерди.Ушакчылар олгон куну,жерге берилгенде эн биринчи тилин жыландар сууруп кетет имиш.Арабдардын тарбиялык видеосунан коргон элем.Аллах сабыр берсин сага.
+3
batonchik
2017-03-16 20:28:14
Alibay,Сонун ырлары бар учун казактар бир ырын которуп чыгышты.Туулган кунун кут болсун Айпери
+2
Azatbek83
2017-03-16 17:11:59
Качып кет!Бул ким озу?
0
Alibay
2017-03-16 17:24:34
Azatbek83,Басылып кетти минус.Туура айтасын!!!
0
Djal1987
2017-03-16 18:30:10
Azatbek83,положениесин айтып жатат да эми. Мисалы мен деле туулган кундо негизи эле бироо мага калоо тилек айтса озуму ынгайсыз сезип тез эле бир жакка басып кетким келет.
+4
Hatali
2017-03-16 17:14:02
Ачылып алыптыр го мурун простая кыз эле.
0
altynaiB
2017-03-16 17:41:21
Мен да туулган кунумдо конул борборунда болгонду жактырбайм. Баары унутуп калса экен дей берем.
+3
Jako18
2017-03-16 17:57:58
Кыз-бурактын кыздары кетип жатып топту каралай берет анан эле "Гүлшайыр эжем чыныгы аял зат, айкөл, бизге баарын үйрөттү ушунуңуздан жазбаң" деп калышат

Туулган күнү менен куттуктайм, бул жашоонун жакшылыгын гана көрсүн!
-2
karasuu
2017-03-16 18:04:22
Центр внимание болгусу келбесе анда не ырчы болот?!бирок тааныбайт экем озу...
-3
nur0202
2017-03-16 18:07:35
Баары эле ичи тар адамдар.жакшы созго саран адамдар.оздору бироодон жакшы созго муктаж болгон адамдар.бечаралар.жон эле туулган куну менен куттукташтын ордуна сасып кеттинер.Айпери туулган кунун менен.Уй булон менен бактылуу бол.
+6
Alibay
2017-03-16 19:26:11
nur0202,:Каалоону оз алдынча эле айта бер!Элдерди аралаштырбай эле.Жакшы корунгун келсе оз алдынча эле дегендей.
-5
nur0202
2017-03-16 21:13:40
Alibay,гезит бетине чыгып атат макала.демек ушу жерге жазам каалоону.жаман корунуп конуп калыпсын сен.
0
bonbonita
2017-03-17 10:12:30
nur0202,Аша айткандай сасыктарга шанел атыры да жардам бербейт дебейсизби
0
panda7
2017-03-16 21:19:26
Жүрчү чогу качалычы,бир эки күн жапайыча жашап келели токойго барып...
-1
farida.kg.1991
2017-03-17 09:34:54
Качып кайда барасын же ишенгенин барбы тообо деп жолдошун бар экен кызын бар экен сен бактылуу экенсин
0
AKCHA
2017-03-17 16:45:05
Уну сонун, жылдыздуу. Айжамал Кабыловага окшото берем негедир....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан