Бүгүн, 16-мартта парламентте Турсунгүл Чаргынова Жогорку соттун судьялыгына шайланды. Анын талапкерлиги президент тарабынан көрсөтүлгөн.
Т.Чаргынова парламент жыйынында ант берди. Андан соң Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков: "Олуттуу, жоопкерчилик кызматка бир добуштан шайланышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалайбыз. Кыргыз Республикасында сот кызматына байланыштуу жакшы пикирлердин көбөйүшүнө кызмат кылыңыз", - деди.
Эске алсак, Турсунгүл Чаргынова буга чейин Сокулук районун соту болуп эмгектенген.