Орусиянын Москва шаарында дзюдо боюнча КМШ чемпиондугу өтүп, анда кыргызстандык Жаркынбек Байзаков жеңүүчү аталды. Бул тууралу бүгүн, 3-майда Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Айта кетсек, февраль айында мелдешке КМШ өлкөлөрүнүн спортчулары катышышты. Бул жеңиши менен Ж.Байзаковду Ош шаардык кеңешинин төрагасы Таалай Сабиров куттуктап, мэрия жаш спортчуларды дайыма колдой тургандыгын белгиледи. “Биздин жаштар спортко кызыгып, ийгиликтерди багындырганына биз абдан кубанычтабыз. Эл аралык турнирлерден өлкөнүн желегин көтөрүп чыккан спортчуларыбызды колдоого алышыбыз керек” - дейт төрага.
Ошондой эле Жаркынбек Байзаковдун айтуусу боюнча, мелдеште биринчиликти алган байгесин Орусиянын президенти Владимир Путин тапшырган.