Экс-акыйкатчы, 5-чакырылыштагы "Ар-намыс" фракциясынан ЖКнын депутаты Турсунбай Бакир уулу 59 жашка толду. Ал 1958-жылы 17-мартта Кара-Суу шаарында туулган. Мектепти 1975-жылы аяктап, 1977-1979-жылдары аскерде кызмат өтөгөн. 1984-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин, 1991-жылы Киев мамлекеттик университетинин философия факультетинин аспирантурасын бүтүргөн.
Жогорку Кеңештин I, II жана V чакырылыштарынын депутаты, Кыргыз Республикасынын тунгуч акыйкатчысы, КРнын Малайзиядагы экс-элчиси, 1995, 2000, 2005-жылдары Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер болгон.
1998-жылы Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясына кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган. 1998-жылы президенттин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси деген жогорку дипломатиялык ранг ыйгарылган. 80ден ашык илимий жана илимий-публицистикалык эмгектердин автору.
17-мартка карата жылнаама