Ысык-Көл облусунда өткөн жылдагы тоноо фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта аталган облустун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2016-жылдын 28-декабрь түнү белгисиз балдар Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында жергиликтүү тургундун үйүнө киришип, баласын, аялын, өзүн темир арматура менен сабашып, 200 миң сом, 20 миң тенге, 2 даана уюлдук телефонун алып кетишкен. Бул факты боюнча Ысык-Көл РИИБинин тергөө кызматы тарабынан "тоноо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
"Ысык-Көл облусунун аймагында "Издөө" жана "Транзит" операцияларын өткөрүү учурунда жогорудагы кылмышка шектүү катары Кажы-Сай шаарчасынын тургуну, 22 жаштагы Ш.Сталбек кармалды. Азыркы учурда калган шектүүлөрдү кармоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат Ысык-Көл ОИИБинин маалыматында.