Чүй ОИИБи: "Учактын ичиндеги адамдардын аты-жөнү тактала элек"

"Учактын ичиндеги адамдардын аты-жөнү тактала элек". Бул тууралуу Чүй облустук ИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, Панфилов районуна караштуу Чорголу айылы менен Чолок-Арык айылынын ортосуна Боинг-707 үлгүсүндөгү май куюучу учагы кулап түшкөн. Кырсык болгон жерге бара жаткан Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынын жетекчиси: "Окуя болгон жерге жеткени калдык. Азыр кулаган жерден түтүн чыгып жатат. Ал эми анын ичинде 5 адам бар болгону айтылууда. Бирок алардын аты-жөнү тактала элек",- деди Нурбек Токтосунов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан