ЖЫЛНААМА, 17-МАРТ: 26 жыл мурун СССРди сактап калууга арналган Бүткүл союздук референдум өткөн

Мындан 26 жыл мурун, 1991-жылы 17-мартта СССРди сактап калууга арналган Бүткүл союздук референдум өткөн. Референдум тууралуу чечим СССР Элдик депутаттар кеңешинин төртүнчү чакырылган съездинде кабыл алынган. Ага Советтер Союзунун 148,5 миллион атуулу катышып (79,5 пайыз), алардын 113,5 миллиону жаңыланган СССРдин сакталып калышы үчүн добуш беришкен. Ал эми Кыргыз мамлекетинин калкынын 92,9 пайызы референдумга катышып, шайлоочулардын 96,4 пайызы Союзду сактап калууну колдошкон.

Бирок жарандардын СССРди сактап калуу каалоосуна саясий ишмерлер кайдыгер карашып, ошол жылдын 8-декабрында Советтер Союзу тараган.

17-мартка карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан