Бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңеште журналисттер менен жолугушуу учурунда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров айыл башчыларын түз шайлоого каршы экенин айтты.
"Айыл башчыны эл шайласа эле жыргап кетебиз дегенден алыс болушубуз керек. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын деле эл ишенип шайлап жатпайбы. Эл шайласа башаламандык болот. Жакшы иштеп жаткан механизмге тийбеш керек. Айыл башчы ким тарабынан келбесин инсан таза, мыйзамдуу келсе жакшы болот", - деди ал.
Бакиров жергиликтүү кеңештин депутаттарынын санын көбөйтүүнү колдой турганын белгиледи.
"Мисалы, айыл башчылыгына талапкер депутаттарды сатып алып жатат деген сөздөр айтылып жатат. Эгерде депутаттардын саны 60ка жетсе аларды сатып алуу мүмкүн болбой калат", - деди ал.