Милиционерлерди сөгүп, "терезеден секирем" деп коркуткан адам СИЗОго отургузулду. Ал 7 жылга кесилиши мүмкүн

Милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн Бишкектин тургунуна карата кылмыш иши козголду, ал СИЗОго отургузулду. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Чүй көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин батиринде ызы-чуу болуп жатканы тууралуу маалымат милицияга түшкөн. Саат 20:00 чамасында милиция кызматкерлери ошол батирге барышканда, 20-25 жаштагы белгисиз адам мас абалда чыр-чатак чыгарып жатканын аныкташты. Милиционерлер аны тынчытууга аракет жасашканда, ал "терезеден секирем" деп коркутуп, сөгүнүп каршылык көрсөткөн. Мындан улам милиционерлер аны кармап, милиция бөлүмүнө жеткиришкен.

Кармалган адамга карата "бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү менен бейбаштык кылуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Бул берене боюнча ал 7 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
scorp
2017-03-17 16:23:56
ушундай иштей бергиле милиционерлер молодцы!)
-9
AshatMJ89
2017-03-17 16:26:00
Милиция кызматкерлери сөгүүгө жеткиргенге да берене барбы?
+9
muratkg
2017-03-17 16:29:56
Кана акыйкат. Бул киши мас экен согунгонуно 7жыл камалабы. Кашын жара тепкен кыз уй камагына чыгып,30мин толоп кутулуп кетти.
+25
Mers124
2017-03-17 16:45:39
Сөксөң 7 жыл. Тепсең 30 миң сом. Лучше теппейт беле
+29
AKCHA
2017-03-17 16:48:39
Mers124, +
+12
AKCHA
2017-03-17 16:48:12
Милиция кызматкерлерин катуу коркуткан окшойт
+11
kyrgyz.kg83
2017-03-17 16:59:57
Милиция тынчытуга аракет кылса соо адамда айнектен секирем десе керек,штраф салса жетишерлу деп ойлойм,кимдин еле тынчыгысы келсин милициянын колунан
+9
Eldos1
2017-03-17 17:49:35
Бизде акыйкат деген барбы билбейсин. Жакында эле Орок айылында курддор милицияларды сокмок тургай сабап кетишти аларга кандай чара корулот.Акча беришип кутулуп кетишет. Баягы эле кыргыздар кала беребиз
+9
kamchatka
2017-03-17 19:26:30
Жузмин доллар пара менен кармалган акталып чыкты жон эле согуп койгон жети жылга кетсе олгон экен @
+10
bond02
2017-03-17 20:02:56
Койгула бечараны, 7сутка кармасанар деле жетишет, байкуштун колунда жок окшойт.
+10
Adiletto
2017-03-18 22:10:11
bond02,
Жутубда видеосу журот. Кудай сактасын, откондогу уч трансвеститтин бироосу экен. Берки иши буто электе чегип алып кутуруптур, куноо озундо болуп калат. Мындайды айтып болбойт.
0
Ak_Bulut
2017-03-17 20:31:28
Бандит,терор эмес экенда, байкушка кечирим болсо экен.Кудай жардам берсин!
+6
Ykybalym
2017-03-17 21:12:01
Бир уурулук кылып же бир адам олтуруп 7 жыл камалса экен. Соксо эле камаса анда менмин деп СДПКанын адамдары мамлекеттик мекемелерде отуруп шефмин деп согот, колунан не келет деп. Ошо учун милицияга, прокуратурага кайрылсам, ал жерде озун адамдары баркен кайра мени шыбап сотко бертат мен тынчым алып ишканама келтат деп. Кана эми сокконго мыйзам иштеп кетсе
+4
Perizat
2017-03-19 08:39:45
Байкуш акча бере албаса керекта сотторго..... Качан акыйкат чечим чыгарышат экен булар...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан