Бишкектеги кафелердин биринде жардыруучу зат коюлганы тууралуу жалган маалымат айткан жаран кармалды

Бишкектеги кафелердин биринде жардыруучу зат коюлганы тууралуу жалган маалымат айткан жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-март күнү саат 02:10 чамасында 102ге маалымат келип түшкөн. Анда "Метро паб" кафесинде жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат айтылган. Ал жерге УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери барышып, текшерүүгө алышкан. Бирок эч кандай жардыруучу зат табылган эмес.

Жүргүзүлгөн ыкчам изилдөө иштеринин негизинде, кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган Нурсеит Нурбек уулу кармалган. Азыркы тапта кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан