Чүй облусунда бир катар каракчылык фактыларына шектелгендер кармалды

Чүй облусунун Москва районунда бир катар каракчылык фактыларына шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 9-февраль күнү Петровка айылындагы дүкөндөрдүн биринин сатуучусу кайрылып, белгисиз адамдар тапанча менен коркутуп 22 миң сом акчасын алып кетишкенин айткан. Ал эми 24-февралда Сокулук айылынын 38 жаштагы тургуну каракталган. Аны жашы 20-25 чамасындагы белгисиз 3 адам тапанча менен коркутуп, акчасын жана унаасынын ачкычын алып коюшкан. Ушундай каракчылык фактысы 7-март күнү Петровка айылындагы дүкөндөрдүн биринде болгон.

Бул фактылардын негизинде ыкчам изилдөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары эки адам кармалды. Алар бири Петровка, экинчиси Ак-Суу айылынын тургуну болгон. Азыркы тапта каракчылык боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан