Милиционерди унаасы менен сүзүп алган УКМК кызматкери СИЗОго отургузулду. Мындай баш коргоо чарасын Бишкектин Ленин райондук соту чыгарды.
Эске салсак, 6-март күнү кечинде Бишкекте Чыңгыз Айтматов көчөсүндө АКШ элчилигинин жанында жол четинде курчоодо турган Октябрь РИИБинин кызматкерин УКМКнын 9-кызматынын кызматкери унаасы менен сүзгөн. Бул маселе парламентте көтөрүлгөндө Башкы прокуратуранын өкүлү айдоочуга карата кылмыш иши козголгонун билдирген. Алдын ала маалыматтар боюнча, УКМК кызматкери мас абалында болгон.