Таласта жубайлар мал уурулукка шектелип кармалышты. Бул тууралуу 18-мартта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда 2017-жылдын 14-мартында Кара-Буура районунун 23 жаштагы Н.Б. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал ошол эле райондун чыгыш тарабындагы мал сарайдын тегерегинде жайылып жүргөн 13 баш жылкысы уурдалганын билдирген.
Аталган факты боюнча Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Талас шаарынын 40 жаштагы тургуну Н.К. жана анын аялы 38 жаштагы К.Г. кармалган. Аталган факты боюнча "мал уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүнкү күндө тергөө иштери уланууда. Келтирилген чыгым 480000 сомду түзгөн.