Ырчы Динара Акулова "ТҮРКСОЙ" сыйлыгы менен сыйланды

Динара Акулова 17-мартта Анкарада өткөн Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына арналган конференцияга катышып, салым кошкону үчүн ТҮРКСОЙ уюмунун диплому менен сыйланды. Бул тууралуу ырчы өзү бүгүн, 18-мартта SUPER.KG порталына кабарлады.

Анын айтымында, ырчы Алыкул Осмоновдун сөзүнө жазылган Калыйбек Тагаевдин "Кыялдануу" ырын мыкты аткаргандыгы үчүн ага сыйлык ыйгарылды.

"Биз бул жака фольклор тобу менен келгенбиз. Бул сыйлык ойдо жок жерден тапшырылды. Чынында мен күткөн эмесмин. Аябай кубандым. Бул сыйлык меники эле эмес, элдин кызы болгондуктан кыргыз элиме да таандык деп ойлойм", - деди Динара Акулова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Sagyn.91
2017-03-18 16:33:19
Азаматсыздар, ийгилик))
+3
Hatali
2017-03-18 17:03:11
Турксой сыйлыгы ээсин адашпай тааптыр,ота акыркы убактарда сыйлыктар адашып берилип жатабы деп ойлоп кетесин.
+6
nurbekasr
2017-03-18 18:07:23
Куттуктайым Динара эже сыйлык кут болсун.Дагы бир нерсе ушул жерге жазгым келди,Казакстандын элбасы Назарбаев эми да чек араны жабат экен да,бирок күнү числосу белгисиз экен.Назарбаев агабыз да бир сөздү кылтыйтып айтты кыйыр түрдө,значить чек араны жаба турган окуя болуп кетбесе эле эми.
+2
Bubu88
2017-03-18 19:25:57
Кут болсун
+1
Luna15
2017-03-18 20:07:45
кут болсун,арыктап сулуу болуп калыптырсыз
+1
Kroxa
2017-03-18 22:59:50
Кут болсун!!
0
DUNI
2017-03-19 00:19:11
Сыйлыгыныз кут болсун,ОЗУ кыргыздын улуттук кийими же сонунда,семиз арык болсондо билиндирбей сонун жарашат баарына
0
Beksultan-007
2017-03-19 10:56:38
Туготмой болду турктор. Кыргызстанда ,Бишкекте жургонжорун корсон кыжырын келет. Магазиндерди ачып,кафелерде эс алып. Татынакай кыргыз кыздарын ээрчитип.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан