Мавлян Аскарбеков: "Жөө жүрүштө кармалгандарды Свердлов райондук сотунан белгисиз жакка алып кетишти"

Бүгүн, 18-мартта сөз эркиндигине байланыштуу жөө жүрүштө кармалгандарды Свердлов райондук сотунан белгисиз жакка алып кетишти. Бул тууралуу кармалгандардын бири Мавлян Аскарбеков билдирди.

Анын айтымында, судья кармалгандар боюнча чыгарылган чечимин окуган эмес. Бул боюнча коомдук ишмер Эдил Байсалов "административдик камоо болушу мүмкүн" деди.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова бул аракет мыйзам бузуу экенин айтты. "Сөз эркиндигин коргоого арналган жөө жүрүш мыйзамдуу болгон, эч бир эрежелерди бузбай соттун чечимине ылайык өткөн. Анткени соттун чечими болгон экен, Толстой көчөсүнө чейин тротуарда жүрсүн деген. Ошол жерде акциянын катышуучуларын кармап кетишти. Соту болот деп келдик эле аларды көрсөтпөй башка эшик менен алып кетишиптир. Ушундай сценарийге көнүп алды окшойт бийлик дагы. Көргөзбөй сот отурумдарын жүргүзүп, сот чечимдерин чыгарып, көргөзбөй алып кетүүнү адат кылышты. Мунун баары мыйзам бузуу. Акыйкатчынын орун басары келди, балдарды кайсы жерге алып кеткен болсо, барып кабар алгыла дедик", - деди Салянова.

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко бул иш аракет одоно мыйзам бузуу экенин айтып, акыйкатчыга кайрылыш керектигин айтты. Акыйкатчыга телефон чалса албай койду.

Эскерте кетсек, бүгүн коомдук ишмерлер, укук коргоочулар, журналисттер сөз эркиндигине байланыштуу жөө жүрүшкө чыгышкан. Байтик баатыр көчөсү менен келе жатып Бөкөнбаев көчөсүнө жеткенде 7 адам "коомдук тартипти бузду" деп ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалышкан. Алар менен кошо кармалган депутат Каныбек Иманалиев менен Би-Би-Синин журналисти бошотулган эле. Бишкек ШИИББи милиция кызматкерлери тарабынан кармалган 5 жаран боюнча материалдар Свердлов райондук сотуна өткөрүлүп берилерин кабарлаган.

Жөө жүрүшкө чыгып кармалгандарды милиция камакка алышы мүмкүн
А.Салянова: "Активисттерди негизсиз кармап кетишти"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
dina1983-19
2017-03-18 18:42:49
Бул бийликтин акыркы күндөрү акыркы аракеттери окшойт.....
+7
bekbol2006
2017-03-18 19:07:20
Биздин бийлик качан онолот?.. Акаев менен Бакиевдин доору кайталанып атат
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-03-18 19:16:42
Казак президенти айтты Бакиев мыйзамдуу эл колдогон президент экенин азыркыларды ким колдойт эми тушунбойм милиция жана башкалар эле кармап туратго буларды жер жарылса кирип кетмекмин
+3
Jaloshtalnarisbatchui
2017-03-18 19:31:36
Активисттер Азимжановду чыгара албай убара...соз эркиндиги деп эле тайрандашат...Мен Америкага барып негрлер менен кошулуп полиция кызматкерин олтуруп коюп демократия десем эмнн дейт...активисттер жоооп бергилечи....
-4
Luna15
2017-03-18 20:05:04
уйлорундо кылаар кызматтары жок кочодо жургондор,миллион жолу жоо журсонорда пайда чыкпайт
-2
kyrgyz.kg83
2017-03-18 21:16:22
Елдагы коншулардагы байкап еле турбайбы,Бакиев кандай еле бул кандай,ашаны Бакиевке салыштырмак турсун,ее айткангада созда жок
+3
Eksvp_1
2017-03-18 21:37:33
bakiev kazaktarga karkyrany berse albette jakwy adam bolot da kazaktarga.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан