Учактын ичиндеги учкучтар каза болуп калышы мүмкүндүгүн ӨКМдан билдиришти. Алар учак менен кошо күйүп кетиши ыктымал деген версиялар айтылууда. “Издөө, куткаруу иштери эң аз дегенде караңгы түшкүчө жүргүзүлөт. Азырынча экипаждын үч мүчөсүнүн дайыны билине элек. Учак болсо толугу менен күйүп кеткен”,- деди Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов.