ЖЫЛНААМА, 20-МАРТ: Орусиялык телеалпаруучу жана актриса Екатерина Стриженова 49 жашка толду

Орусиялык телеалпаруучу жана актриса Екатерина Стриженова 49 жашка толду. Ал 1968-жылы 20-мартта Москвада туулган. Е.Стриженова 5 жашынан баштап балдар үчүн даярдалган телеберүүлөргө тартылып, ошол убакта эле концерт, спектаклдерди алып барган. Анын талантын байкаган ата-энеси ошол убакта эле Москвадагы "Калинка" аттуу балдардын бий ансамблине беришкен.

Актриса катары дебютун 1984-жылы белгилүү режиссёр Борис Дуровдун "Лидер" мелодрамасында жасаган. Кийин Москвадагы маданият институтунун режиссёр адистиги боюнча бүтүргөн.
Екатерина Стриженова 1997-жылдан тартып Орусиянын Биринчи каналында жолдошу Александр Стриженов менен бирге "Кутман таң!" телеберүүсүн алып бара башташкан. Учурда "Убакыт көрсөтөт" аттуу телекөрсөтүүнүн алып баруучусу.
20-мартка карата жылнаама
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан