Кара-Көл шаарында күйүүчү май ташыган унаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда 19-март күнү саат 11:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 408-чакырымында мазут алып бара жаткан “Жунда” фирмасына таандык күйүүчү май ташыган унаа жол кырсыгына кабылган. Анын кесепетинен ичиндеги мазут жолго төгүлгөн. ӨКМнын №94 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барганда унаанын айдоочусу ордунда жок болгон. Ички иштер министрлиги тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.