2013-жылы 20-мартта Жогорку Кеңештин имаратынын чатырында 7-Апрель окуясына байланыштуу соттун көчмө жыйыны болуп өткөн. Ага соттук-тергөө экспертизаны өткөрүү үчүн адистер Орозбай Колубаев жана Павел Берхтольд чакырылышкан. Сот ишине төрагалык кылуучу судья Дамир Оңолбеков сот процессинин катышуучуларына бул адистерге суроо берүүгө тыюу салган. Бул текшерүүлөр айыпталып жаткан "Альфа" атайын даярдыктагы аскерлер бөлүгүнүн снайперлеринин "Ак үйдүн чатырынан "Ала-Тоо" аянтындагы адамдарды атууга мүмкүн эмес, тиешелүү аймак 2-кабаттан гана көрүнөт" деген билдирүүлөрүнүн негизинде өткөн.
20-марттын жылнаамасы.