ЖЫЛНААМА, 20-МАРТ: Ырчы Назмини туулган күнүндө 4 жаштагы кызы өзгөчө куттуктады

Мындан 39 жыл мурун, 1978-жылы 20-мартта ырчы Назми Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарында туулган. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыктык. Анын айтымында бул жылдын эң оригиналдуу куттуктоосу анын кыздарынан болду.

"Кечээтен бери эле кыздарым мени ашканага киргизишпей, опур-топур болуп жатышкан. Жолдошум да алар менен жүргөн. Саат 12ден өткөн соң мени чакырышты. Көрсө, мага торт жасап жатышыптыр. Өздөрүнүн колу менен аппликациядан открытка, пластилинден композиция жасашыптыр. Аябай кубандым. 4 жаштагы кичүү кызым жазганды билбесе да, аракет кылып куттуктоо жазыптыр. Өзүнүн куттуктоосунда "мени такыр урушпаңыз" деп коюптур", - деп күлдү Назми Байзакова.

Ырчынын айтымында, агасы да дал ушул күнү туулган.

"Экөөбүз кичинекей кезибизде туулган күндөрүбүз бир күндө болгондуктан, конок чакырууну талашчубуз. Бул жылы ал бизди үйүнө чакырып жатат. Кечинде агамдыкына үй-бүлөм менен барып, чогуу тособуз", - дейт ырчы.

Назми Байзакова алгач сахнага "Алдаба" аттуу ырды аткарып чыккан. Ырчы өзүнүн аткаруусундагы "Таарынчакмын", "Жүрөм сени таппай", "Келчи кайра" ырлары менен көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган. 2015-жылы ырдап чыккан "Падышам" аттуу ыры менен чыгармачылыгын кайрадан жандантты десек болот.

20-марттын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ctul08
2017-03-24 01:53:08
Укмуш
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан