Жайыл районундагы жол кырсыгынан 5 адам каза болду
ӨКМ кабарлагандай, Жайыл районунда автокырсык болуп, 5 адам каза тапты. Окуя 3-май күнү саат 20:55 чамасында Бишкек - Ош унаа жолунун 190-чакырымында болгон. Анда Хонда унаасы менен оор жүк ташуучу унаа кагылышкандыгы айтылды. Кырсыктын айынан жеңил унаанын айдоочусу жана унаадагы жүргүнчүлөрдүн баары каза табышты. Учурда тийиштүү орган окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.