Бишкек-Ош трассасындагы жол кырсыктарын азайтуу максатында Жалал-Абад ОИИБи тарабынан кошумча Патрулдук милиция кызматкерлери иштей баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 20-мартта Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков маалымдады. 2017-жылдын алгачкы 2 айынын жыйынтыгы боюнча, аталган облуста жол кырсыктары 2,1 пайызга өскөнү айтылат.
"Жыл башынан бери жол кырсыгынан каза тапкандардын саны 92,8 пайызга өстү, тагыраагы 14төн 27ге өскөн. Жаракат алгандардын саны 9,6 пайызга өстү. Негизинен Жалал-Абад облусунда жол кырсыктары Ош-Бишкек жолунда катталат. Буга трассадагы Патрулдук милициянын штаттык бирдиги кыскаргандыгы, айдоочулар менен алдын алуу иш-чаралардын жүргүзүлбөгөнү себеп. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы ИИМге кайрылып, бүгүнкү күндө 10 патрулдук милиция, 5 кызматтык унаа бөлүнүп берилди. Менимче, бул жол кырсыктарынын кыскарышына шарт түзөт", - дейт Жалал-Абад ОИИБинин жетекчисинин орун басары Марат Хажиматов.