Ош шаарындагы "Нурэл" соода дүкөнүн тоноого шектүү адам колго түштү. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-март күнү саат 17:00 чамасында Раззаков кѳчѳсүндѳ жайгашкан "Нурэл" соода дүкөнүнө кирип, 29 жаштагы аялды коркутуп, 1000 сомдук товарын алып кетип калган. "Көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде, кылмыштын изи сууй электе Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын 1993-жылы туулган тургуну колго түшкөн. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.