Бүгүн, 21-мартта "Супара" этнокомплексинде "Сүмөлөк-2017" фестивалы өтүүдө. Анда боз үйлөр тигилип, 40 казан сүмөлөк кайнатылып, элге таратылып берилди.
Иш-чара ар кандай оюн-зооктор, концерттик программалар менен коштолуп жатат. Сүмөлөктү кечээ, 20-марттан тарта өлкөнүн 7 дубанынан келгендер кайнатып башташкан. Республиканын 40 уруусунун өкүлдөрү жана этникалык кыргыздар келген.
Бул фестивалды Элнура Кулуева жана Дана Абдыбекова уюштурган. Комиссиянын чечими менен жеңүүчүлөр аныкталды. Биринчи орунду Аксы району, экинчи орунду Ноокат районунан келген топ алды. Үчүнчү орунга Өзбекстандан көчүп келген кайрылмандар тобу ээ болду.