Түштүк Кореянын мурунку президенти Пак Кын Хе прокуратурага көрсөтмө берүүгө келип, элден кечирим сурады

Бүгүн, 21-мартта Түштүк Кореянын мурунку президенти Пак Кын Хе прокуратурага көрсөтмө берүүгө келип, элден кечирим сурады. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аны бийликти кыянаттык менен пайдалануу, пара алуу жана бирөөгө конфиденциалдуулук маалымат бергени үчүн күнөөлөнүп жатат. Пак Кын Хеден тышкары 30 адам бул иш боюнча сурактан өтүүдө. Анын катарында Самсунг корпорациясынын башчысы Ли Чжэ Ёна бар.

Президент прокуратурага кирердин алдында аны колдогон элге адилеттүүлүк үчүн иликтөөгө катышууга убада берди.

Эскерте кетсек, 2016-жылы 9-декабрда өлкөнүн парламенти президенттин паракорлук ызы-чуусунан улам ага импичмент жарыялаган. Түштүк Кореянын Конституциялык соту ушул жылдын март айынын башында президент Пак Кын Хеге болгон импичментти кабыл алган. Азырынча өлкө башчынын милдеттерин премьер-министр Хван Гё Ан аткарууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан