21-мартта Бишкектеги "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата көк бөрү оюнун көрүү үчүн темир аркага чыккан күйөрмандардын бардыгы жазага тартылышат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти. Маалым болгондой, темир аркага чыккандарга айып пул салынмакчы.
Айта кетсек, кечээ, 21-мартта аталган ат майданда адамдардын саны абдан көп болгон. Ал жакта жалгыз гана Бишкек шаарынын тургундары эмес, атайын оюнду көрөбүз деп өлкөнүн бардык аймактарынан келген адамдар да болгон. Болжол менен ат майдандагы көрүүчүлөрдүн саны 23 миңге жакын болгону айтылган. Көк бөрү боюнча мелдештин финалы өтүп жатканда айрым көрүүчүлөр майданга чейин чыгып жатышкан. Улакчылар атты башкара албай адамдарды тебелетип кетиши толук мүмкүн болгон абал түзүлгөн.