Нооруз күнү Бишкектеги "Аккула" ат майданында көк бөрү боюнча мелдештин финалы өттү. Күйөрмандардын сахнанын тирөөчүнө чыгып алганы, баннерлерди тешип көргөндөр, ат майданга чыгып кеткендер интернет колдонуучуларынын арасындагы талкууга жем таштады. Төмөндө кыргыз спортчуларын сүрөөнгө алуу үчүн тосмолордон ашып, дарактарга чыккан күйөрмандардын окуяларын эске салабыз.
21-март, 2017-жыл. Бишкектеги "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча мелдештин финалын көрүү үчүн болжол менен 23 миң адам келген.
Сахнанын тирөөчүнө эле эки жүздөй адам чыгып алып көргөн, анын ичинде сахнанын баннерин тешип көргөндөр дагы болду. Көрүүчүлөр кооптуулугуна карабай, ат майдандын ичине дагы кирип кетишти. Ат үстүндө жүргөн оюнчулар күйөрмандарды аралап кеткен учурлар болду.
13-октябрь, 2015-жыл. Кыргыз футболчулары Бангладеш командасын 2:0 эсебинде уткан. Күйөрмандар арасында тосмолордон секирип өтүү, дарактарга чыгып көрүү сыяктуу көрүнүштөр кайталанбаганы менен, болжолдуу түрдө 70тей отургуч сынган.
8-октябрь, 2015-жыл. Кыргыз футболчуларынын Тажикстанга каршы беттешине келген күйөрмандар Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 250 отургучту сындырып кетишкен.
31-август, 2015-жыл. Бишкектеги "Аккула" ат майданында көк бөрү боюнча президенттин кубогуна арналган мелдештин финалы өткөн.
Көк бөрү боюнча президенттин кубогуна арналган мелдештин жеңүүчүлөрү сыйлыктарын алып кетишкен. Ал эми көргөнү келгендер көңүлдөрүн көтөрүп кетишти, таштандыларын көтөрүп кетишкен эмес.
16-июнь, 2015-жыл. Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргыз Республикасы менен Австралиянын футбол командаларынын беттеши өткөн. Билет алууга жетишпей калган миңдеген футбол сүйүүчүлөрү бактардын үстүнө жана стадиондун дубалына чыгып алып футбол көрүшкөн. Ошондон кийин күйөрмандардын стадиондон аттап кирбөөсү үчүн тосмолор коюлуп, бактар кыркылган.
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргыз Республикасы менен Австралиянын футбол командаларынын беттешин көрүп жаткан күйөрмандар.