2016-жылы Москвада өрттөн улам каза болгон Кыргыз жарандары иштеген басмаканага жана анын башкы директоруна 6,6 миллион рубль айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Орусиянын Башкы прокуратурасына таянып орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Печатный экспресс" басмаканасы жана анын башкы директору Сергей Москвин чет өлкөлүк жарандарды мыйзамсыз ишке орноштурганы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылып, 6,6 миллион рубль төлөөгө милдеттендирилишти. "Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө ишкананын жетекчилиги Кыргыз жарандарын эмгек келишими жок ишке орноштурган", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 2016-жылы август айында Москва шаарында аталган басмаканадан чыккан өрттөн 17 адам каза тапкан. Алардын ичинен 14 адам Кыргыз Республикасынын жараны болгон. Басмакананын башкы директору Сергей Москвин жана башкы инженери Антон Яцков ишканада коопсуздук эрежелерин толук камсыз кылбаганы үчүн айыпталышууда.