"Манас" кинотеатрында бүгүн, 22-мартта "Тиги-бу" кинокомедиясынын бет ачары өткөрүлдү. Тасманын ачылыш аземине кино жаатындагы белгилүү жаш актёрлор катышты.
Кинокомедияга актёр Эмил Эсеналиев менен Азим Касымов режиссёрлук кылышкан. Ал эми башкы каармандын образын Мурат Жалиев менен Эмил Эсеналиев жараткан. Тасмага Нурлан Жаныбеков менен Эмил Эсеналиев продюсерлик кылган.
Фильмге "тамашоучу" Мурат Жалиев, Самат Эркинбеков, Шумкар Бейшенбеков ошондой эле Алтынбек Ысакбаевдер тартылган.
"Бул тасма Ош жана Бишкек шаарларында тартылды. Жалпы 1 айдан ашуун убакытта тартылып жыйынтыкталды. Андан соң кадрларды монтаждоо аракеттери менен алектендик. Фильмге 20 миң АКШ долларын чыгымдадык. Бул үчүн атайын демөөрчүлөрдү таптык", - деп билдирди режиссёр Азим Касымов.
Фильмдин ачылыш аземине маданият чөйрөсүндөгү чыгармачыл инсандардан Азамат Исмаилов, Бакыт Байсариев, Санжар Мыкыев, Бакыт Осмонканов, Нурсултан Майназаровдор катышты.
Кинокомедия эки бойдок жигиттин интернеттен таанышкан кызга жолугушууга барышы менен башталат. Андан соң бойдок жигиттер менен көчөдөгү тентек жигиттердин ортосунда түшүнбөстүк чыгып, тамашалуу чырга айланат. Ошентип окуянын жүрүшү өнүгөт.
"Алдыда көрүүчүлөр үчүн жагымдуу тасмаларды тартуу аракетин көрөбүз. Бул тасманы тартууда анчалык кыйынчылык болгон жок. Ал эми фильмдин аталышы тамаша иретинде "Тиги-бу" деп өлкөдөгү сүйлөө маданиятын чагылдыруу менен, ушундай аталды. Эртең 23-марттан тартып кинотеатрларда көрсөтүлүп баштайт", - деп билдирди фильмдин режиссёру Эмил Эсеналиев.