Бишкекте тургунду бычак менен коркутуп, телефонун жана акчасын тартып алгандардын бири кармалды

Бишкекте тургунду бычак менен коркутуп, телефонун жана акчасын тартып алгандардын бири кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Октябрь РИИБинин кызматкерлерине 26 жаштагы шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 6-март күнү саат 22:00 чамасында белгисиз эки адам бычак менен коркутуп, уюлдук телефонун жана акчасын тартып алышканын айткан. Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө иштери жүргөн. Жыйынтыгында кылмышка шектүү катары 23 жаштагы Т.Б. кармалган. Учурда ал №1-СИЗОго киргизилип, экинчисин кармоо боюнча иштер жүрүүдө. Кармалган жаран ушул сыяктуу башка каракчылык фактыларына да шектелүүдө.

Эгерде сүрөттөгү адамдан жабыркагандар болсо, 0553 102 130; 0551 102 180; 0 312 54 41 84 ушул номурларга чалып, кабарласа болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
OMURBEK.
2017-03-23 10:49:56
саяк журсон таяк жейсин жазасын алсын
+1
RusMos76
2017-03-23 10:57:20
Ушундай кылып суротун чыгарып койсонор т.б. болсо да каракчыны эл билет
+1
ABDulHai
2017-03-23 11:04:40
Колун кесиш керек эми
+1
tyrgon
2017-03-24 00:44:56
суротторун чыгаргыла эл билсин кимдин ким экенин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан