Чүй районунда жол кырсыгы болуп 3 адам көз жумду

4-майда Чүй районунда, тактап айтканда, Бишкек-Торугарт унаа жолунун 52-чакырымында автокырсык болуп, 3 адам көз жумду. Кырсыкта Ниссан жана Мерседес унаалары кагышкан. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет. Айтылгандай, Ниссан унаасынын айдоочусу 37 жаштагы А.Т. жана ушул эле унаанын жүргүнчүлөрү Б.А. менен С.И. окуя болгон жерден эле көз жумган . Ал эми  Мерседес унаасынын айдоочусу 51 жаштагы Т.У. денесинен оор жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилди. Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан