"Конституция боюнча Башкы прокуратура президентти коргоп сотко кайрыла албайт", - дейт Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова.
Анын айтымында, 2003-жылкы Конституция боюнча Башкы прокурор президенттин кадыр-баркына шек келтирди деп кайрыла алат болчу.
"Ал кезде Кыргыз мамлекетинде президенттик башкаруу болуп турган. Ал Баш мыйзамда президенттин кадыр-баркы мамлекеттик органдар аркылуу корголсун деп көрсөтүлгөн. Ошол кезде кемсинтүү, жалаа жабуу боюнча Кылмыш-жаза кодексинде беренелер бар болчу. Журналисттер, президенттин аброюна шек келтирген адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылбасын деген жарандык жоопкерчилик киргизилген. Бул, биринчиден, сөз эркиндигин коргоого багытталган норма болгон. Азыркы учурда президент менин кадыр-баркыма шек келди деп жатпайбы? Ошол мезгилде жогоруда айтылган беренеден улам президент мындай учурда эч кимди кылмыш жоопкерчилигине тарта алчу эмес, жарандык жоопкерчиликке тартчу. Ал эми азыркы учурга келсек, президенттин мурункудай салмагы жок, Конституция боюнча биз парламенттик республикабыз, президенттин 20дан ашык ыйгарым укуктары кыскарган.
Экинчиден, Конституциянын өзүндө прокуратуранын ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө, кошууга мыйзам жол бербейт. Алты ыйгарым укукту прокуратура аткарат, анын чегинен чыкса болбойт. Прокуратура тергөө иштерине, жазык иштери боюнча соттун чечимдеринин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт; жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарына сотто өкүлчүлүк кылат; сотто мамлекеттик айыпты ишке ашырат; мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына жазык куугунтуктоо жүргүзөт деп Конституцияда көрсөтүлүп турат. Башкы прокуратурага ушул ыйгарым укуктун чегинен чыкканга мыйзам жол бербейт. 2003-2007-жылкы Конституция боюнча прокуратуранын ыйгарым укуктары мыйзам аркылуу аныкталат деп айтылган. Прокуратура кааласа өздөрүнө ыйгарым укук киргизе берген. Азыр андай укук жок. Конституция боюнча прокуратура президенттин атынан сотко кайрылганга болбойт", - деди Сооронкулова.
КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров президенттин кадыр-баркын коргоо Башкы
прокуратуранын жумушу деп эсептей турганын билдирди.
Башкы прокуратуранын прокурору Алмамбет Абдраманов бул иш тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди: "Конституциянын 4-беренесинде Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жазылган. Ал жерде так жана даана жазылып турат, президенттин кадыр-баркын коргоо тууралуу. Өзгөртүүлөрдө мыйзам жоголгон эмес, бар, иштеп жатат".
Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева: “Бир гана президенттин эмес, жөнөкөй жарандардын укугу бузулган материалдар тастыкталган болсо сотко берсе болот. Башкы прокуратура бардыгына тең кароосу керек”, - дейт.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Азаттык менен "Заноза.кг" сайтын жоопко тартуу боюнча сотко кайрылган. Сотко берүүгө аталган ММКлардын Өмүрбек Текебаевдин Кипрге болгон сапары боюнча алган комментарийлери, "Ата Мекен" партиясынын юристтеринин Боингдеги жүк тууралуу билдирүүсүн чагылдырган материалдар негиз болгону айтылат. Башкы көзөмөлдөөчү орган маалымат каражаттарына чыккан материалдар президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирет деп баалап, Азаттыктан 2 арыз боюнча 10 миллион сомдон 20 миллион, "Занозадан" 3 миллион сомдон 2 арыз боюнча 6 миллион сом өндүрүүнү талап кылууда.