Бишкекте тогуз коргоол боюнча Кыргыз Республикасынын Кубогу старт алды

Бүгүн, 23-мартта Бишкектеги Улуттук китепканада тогуз коргоол боюнча Кыргыз Республикасынын Кубогу старт алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Тогуз коргоол федерациясы тарабынан уюштурулган аталган мелдешке өлкөнүн бардык облустарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан келген 189 спортчу катышууда. Эркектер арасында 104 жана кыз-келиндер арасында 85 спортчу катышууда. Оюндар стандарт, рапид жана блиц түрлөрү боюнча өтөт.

Кубоктун максаты өлкө боюнча тогуз коргоолду өнүктүрүү, улуттук курамга мыкты спортчуларды тандап алуу. Оюндар 1-апрелге чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан