Мындан 66 жыл мурун, 1951-жылы 23-мартта бортунда 53 кишиси бар АКШнын Douglas-124A аскердик учагы Атлантика океанынын үстүндө учуп баратып, учактан чыккан өрттөн улам сууга конууга мажбур болгон. Ичиндегилер куткаруучу кайыктарга түшкөнү менен, жардам көрсөтүүчүлөр ал жерге барган учурда учак да, кишилер да дайынсыз жоголуп кеткен.
2012-жылы Арлингтондогу улуттук көрүстөндө жоголуп кеткен учактагы Лоуренс Рафферти аттуу адам үчүн бош мүрзө салынган. Анын портфели издөө иштери учурунда табылган.
23-мартка карата жылнаама