Бишкекте кош бойлуу эне эки жаш баласы менен көчөдө калып, кошунасынын үйүндө баш калкалоодо

Эки уулу менен жалгыз калган кош бойлуу эне жегенге тамагы, киерге кийими жок жардамга муктаж болууда. Бактыгүл Жамбылбек кызы жашоодон кыйналып, кошунасынын үйүндө баш калкалап жатканын SUPER.KG порталына айтып берди.

"2013-жылы бир жигит менен таанышып, турмуш курганбыз. Андан бери минтип 2 уулдуу болдук. Учурда 7 айлык кош бойлуумун. Балдарымдын атасы бизди карабай кетти. Ал 2016-жылдын октябрь айында Орусияга кетип, таптакыр дайынсыз болуп кеткен. 2017-жылдын 8-мартында кайтып келип, балдарына каражат таштабай, кайра эле кетип калды. Жашап жаткан батирдин да ижара акысын берген жок. Жегенге тамак, кийгенге кийимибиз жок катуу кыйналдык", - дейт Жамбылбек кызы.

Бактыгүл Жамбылбек кызы Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынын тургуну. Ал азыр 25 жашта. Анын айтымында, кышында балдары менен жалгыз калып, азык-түлүк алыш үчүн паспортун дүкөндөрдүн бирине күрөөгө таштап, ошол бойдон жоготкон. Мындан сырткары жолдошу экөө нике күбөлүгүн да алышкан эмес. Анын учурда жалгыз гана кургак учук менен ооруган атасы бар.

"Үй-бүлөдө эки кыз болчубуз. Сиңдим каза болуп калган. Атам ичкиликке берилип кеткенде, апабыз бизди таштап кеткен экен. Эч нерсени билбеген наристе кезибизде спирт ичимдигинин туткунуна түшкөн атама таштап, бизди карабай кеткени үчүн апама нааразымын. Апамдын көзү тирүү. Башка турмушу бар деп угам. Бирок бир жолу кайрылып келген жок. Мен аны тааныбайм", - деп көзүнө жаш алды 25теги эне.

Бактыгүл үйүндө тамак-ашы калбай кыйналганда эки баласын жетелеп кошунасы Перизат Дүйшөевага жардам сурап келген.

"Мен Бактыгүл менен аз эле убакыттан бери таанышмын. Ушул жылдын кыш айында келип "эже кыйналып жатам" дегенинен колуман келишинче жардам бердим. Андан кийин ичим ооруп жатат деп дагы келди. Көрсө, боюнан козголуптур. Дароо кошуналар акча чогултуп, бейтапканага жибердик. Дарыгерлер "жатып дарылан" деп калтырып коюшуптур. Бул жакта 5 жаштагы баласы менен 2 жашар баласы ар кимдин үйүндө калып, 2 күндөн кийин ооруканадан чыгууга аргасыз болду. Үйүнө келсе, батирдин акчасын бербегени үчүн үй кожойкеси кубалап чыгыптыр. Барар жери жок балдарын жетелеп үйгө келиптир. Өзүмдүн 8 баламды карап кыйналганыма карабай үйүмө киргизип алдым", - дейт П. Дүйшөева.

Бактыгүлдүн дагы бир кошунасы Сабина Жапар кызынын айтымында, Бактыгүл кышында жайкы кийимдерин кабаттап кийип, үшүгөн абалда жүргөн.

"Бул эжени жай айынан бери билем. Анын жолдошу кыз жандуу эркек экен. Таштап кетип, кароосуз калды. Балдарынын, өзүнүн кийими жок жүргөнүн көрүп өзүмдүн, балдарымдын кийимдерин алып келип бердим. Андан сырткары 5-10 сомдон акча чогултуп жардам берип келебиз. Кайын энеси да карабай койгон. Алар балдарынан баш тартуусун талап кылышыптыр", - дейт Жапар кызы.

Бактыгүл Жамбылбек кызы Сокулуктагы Жаңы-Жер айылында каттоодо турат. Эки уулу менен көчөдө калган эне буга чейин жашаган батиринин ижара акысына 5 миң, электр энергиясы үчүн 7 миң сом карыз. Ал коомчулуктан жардам сурап, кайрымдуу инсандардан колдоо күтөт. Анын атасы учурда Жаңы-Жер айылында талапка жооп бербеген эски үйдө жашайт.

"Атамдын бир туугандары мени да, уулдарымды да басмырлап, тынчтык беришпейт. Андыктан атамдын үйүндө жашай албайм", - дейт жалгыз бой эне.

Ал эми Бактыгүл Жамбылбек кызынын жолдошу менен, тилекке каршы, байланышуу мүмкүн болгон жок. Бул окуянын экинчи тарабынын оюн да чагылдырууга даяр экенибизди билдиребиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
MinuTolik
2017-03-24 10:16:26
biroogo zar biroogo kor duino. balaluu bolo albai jurgondor kancha
+4
Pandora
2017-03-24 11:12:35
Бироого зар дуйно,бироого кар дуйно.
+1
meni_kut
2017-03-24 11:48:47
Сокур коздон да жаш чыкчудай ахыбалда экен.Телефону бар бекен.?Кууп чыккан кожейке ушул боюнда бар келин мн жаш балдардын сообуна калып жашатып турса болмок.Куйоонун аты фамилиясын иликтеп жазгылачы,Кайын энеси оз неберелерине куйбогон акмак.Журналистики иликтоо жургузушунорду сунуштайбыз.Кайын энесинин дарегин сурап интервью алгыла.
+8
meni_kut
2017-03-24 11:52:13
номерин жазып койгула колдон келишинче жардам сунабыз.Же жашап жаткан кошунасынын номерин
+5
Nokia
2017-03-24 11:57:55
номерин жазып койгуачы сураныч
+3
admin_portal
2017-03-24 12:06:26
Nokia, meni_kut, саламатсыздарбы? 0707 056904 жана 0776 178992 номерлери аркылуу байланышсаңыздар болот.
+1
mr.sher
2017-03-24 12:03:06
Кошунасына Аллах ыраазы болсун. Номерин берип койсонор колдон келгенче жардам берели.
+6
admin_portal
2017-03-24 12:07:47
mr.sher, саламатсызбы? 0707 056904 жана 0776 178992 номерлери аркылуу байланышсаңыз болот.
0
Djal1987
2017-03-24 17:34:06
Балдардын атасын розыска берип кармап бир ХХХ
+3
sveet
2017-03-24 18:03:43
kuiosun aliment tolotup toloboso sottop turmogo oturguzush kerek.bizde kop erkenterde joopkerchilik jok.
+1
brit
2017-03-25 19:39:22
Иии десе чиедей болгон балдарын коруп алып журогум ооруп кетти. 3-баласы торолсо кантет? Атасын кудай жазаласын, Балага зар болгур десе. Анан да айтарым курбулар, эжелер эркек менен жатаарда бир аз ойлонолучу, баланы деле пландап, шартка карап торош керек да. Шалаакылыгыбыздын айынан Жаш балдар азап чекпесин.Аборт кылгыла дебейм, сактанганды да биле журолучу.
-1
syimyk-
2017-05-01 20:46:12
Караныздар 2500 сом бир ай жашайткен квартирада,30 кун ааа? Ошол акчаны биз кафе ресторанда 1кундо еле чачып коюп жатабыз,бир кун майрамдабай чогултуп бере турган болсок Аллахтан кайтат акыретте ,коп тукурсо кол болот демекчи 100сом 50 сомдон деле чогултуп жардам берели туугандар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан