Ош шаарындагы Яккалик каналынан 8 жашар баланын денеси табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, 5-май күнү шаардагы Манас-Ата кичи районунан саат 20:55 чамасында 8 жаштагы Медетбек уулу Мунарбек суу каналына түшүп кеткен. Окуядан соң издөө иштери башталып, ага ОИИБинин 11 кызматкери катышты. Түн киргенден кийин дагы 40тай куткаруучу кошулган. Жыйынтыгында саат 02:40 чамасында баланын жансыз денеси Кара-Суу районунун Сталин айылындагы кичи каналдардын биринен табылган.
Ар бир пендени Кудайым озу сактасын!Акыркы кундору ушундай корунуштор абдан кобойуудо, абдан окунучтуу!Ошондуктан ата энелер балдарын жакшылап коз салып карашса,Баланын жаткан жайы жаннат боолсун, калган омурун ата энесине берсин!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.