Улуу Британиянын парламент имаратынын жанында полиция кызматкерине кол салып, жөө адамдарды унаасы менен сүздүрүп кеткен жарандын аты-жөнү аныкталды. Лондон полиция кызматынын маалыматы боюнча, чабуулду уюштурган 52 жаштагы Халид Масуд. Ал Британияда төрөлүп, зомбулук жана курал сактаганы үчүн соттолгон.
Айта кетсек, 22-мартта белгисиз адам Лондондогу парламент имаратынын жанында унаасы менен жөө кишилерди сүздүрүп, кийин парламентти кайтарган полициячыны бычактаган. Натыйжада үч адам каза болуп, 40 адам жабыркаган. Алардын жетөө оор абалда ооруканада жатат. Чабуул койгон жаран полиция тарабынан жок кылынган. Кол салууга байланыштуу жети киши камакка алынды.
Окуя үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу өзүнө алды.