Талас облусунун Жоон-Дөбө айылында кызды ала качып келип, аны мажбурлап никеге турууга мажбурлаган адамдардын иши белгилүү болду. Аталган айылдын Алтынбек жана Нурбек аттуу тургундары 28-апрелде Бишкектен Жумашева Перизат аттуу кызды ала качып барышкан. Андан соң анын эркине каршы турушуп, нике кыйдырууга аракет жасашкан. Бирок кыз отурбай кетип калган жана милицияга арыз жазган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.