Өкмөттө көмүр жеткирүү боюнча тарифти макулдаша албай жатышат

Транспорт жана жолдор министрлиги менен Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети көмүр жеткирүү тарифин макулдаша албай жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта өкмөттүн жыйынында аталган комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

Анын айтымында, Транспорт министрлиги көмүрдү жеткирүүнүн баасын көтөрүп жатат.

“Тариф көтөрүлгөндө энергетика компаниялары 165 миллион сом пайда көрөт. Эгерде эски арзан тариф калса, 980 миллион сом пайда көрмөк”, - деди ал.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков көмүрдү чыккан жеринен, Кара-Кечеден Шамшы жана Кегети ашуусу аркылуу алып келүүнү сунуштады. Бирок комитеттин төрагасы мындай кылуу мүмкүн эмес экенин билдирди. “Биз бул маселени караганбыз. Шамшыдан 291 чакырым, Кегетиден 281 чакырым болуп калат экен. Шамшыда 3 көпүрө бар, анын экөө оңдоого муктаж. Буга 50 миллион сом каражат керектелет”, - деп түшүндүрдү Зилалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан