"Титаник" тасмасындагы Роуздун ролу аркылуу таанылган актриса Кейт Уинслет мектепте шылдыӊдоого кабылганын айтып берди

"Титаник" тасмасы аркылуу дүйнөгө белгилүү болгон актриса Кейт Уинслет чыгармачылык жолунда бир нече жолу арыктап, кайра толгон. Бирок ал ар дайым дене түзүлүшү кандай экенине карабай өзүн жакшы сезерин айтып келет. Актриса 22-мартта өткөн "We Day UK" фестивалында күйөрмандарына кайрылып, адам өзүнө ишенип, сүйүшү керектигин, келбети үчүн уялбоону айтып, жаштарга дем берген сөз сүйлөгөн.

"Мени мектепте шылдыӊдашып, "май" деген лакап ат коюшкан. Актриса болгум келеримди билген классташтарым күлүп, мени шкафка камап коюшчу. Мен эч нерсеге карабай, ийгилик жылмаят деп ишенчүмүн. Андыктан мейли крокодил, карачкы (чучело) же каардуу периште, кыскасы, кандай роль болбосун ойноого даяр болчумун. Жадакалса бир күнү бийлеген бака да болгом", - деген Кейт.

1996-жылы Кейт айтылуу "Титаник" тасмасында Роуздун образын жаратуу үчүн роль алганда баары өзгөргөн. Бул роль аны бүткүл дүйнөгө белгилүү кылган.

"Бир күнү "Титаник" тасмасында Роуздун образын жаратуу сунушун алдым. Ооба, толук кызга кайсы бир мезгилдеги улуу фильмдердин биринде роль жаратуу мүмкүнчүлүгү берилди. Мен эч качан өзүмдү абдан жакшы сезген эмесмин, башымды бийик көтөрүп жүрө да алчу эмесмин. Себеби мен бирөөлөр түзгөн "идеал" дегендерге кирбейт элем", - деп сөзүн жыйынтыктаган актриса эмоциялуу сөздөрүн кылган иш-аракети, келбети менен далилдеп берүүнү туура көргөн. Тагыраагы, ал күйөрмандарына лосина жана майка кийип, макияжсыз чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ilgizk
2017-03-24 15:26:23
канча жашта
0
Marianna77
2017-03-24 15:29:50
Админ каракчы деген соз карачкы болуп калыптыр.
+1
Azatbek83
2017-03-24 16:29:55
Marianna77,туура эле чучелонун переводу карачкы болот!
+1
sladkaja_konfetka
2017-03-24 15:56:59
Мектепте окуп жүргөндө Кейт 85 кг болчу экен да...
0
ilgizk
2017-03-24 15:59:53
sladkaja_konfetka,киного тартылганда арыктаганбы?
0
sladkaja_konfetka
2017-03-24 18:55:12
ilgizk, мектепти бүтүп, актриса болом деп, сууга сүзүп, диета кармап арыктап, максатына жетип, атактуу болуптур...
0
ekaterinburg
2017-03-24 16:21:57
Ошо жонокойлугу дагы эле бар окшойт,отугун бир жака кыйшык кийип коюптур)))Бирок жагат мага бул актриса.
0
azim14
2017-03-24 18:03:30
титаникте аябай сулуу болгон да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан