Чеченстандагы кол салуудан 6 аскер кызматкери каза болду

Чеченстандагы кол салуудан 6 аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта орусиялык маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда кол салуу 24-мартка караган түнү саат 02:30 чамасында Наурская станциясына жакын жердеги аскер бөлүктө болгон. Анын кесепетинен 6 аскер кызматкери каза болгон. Ошондой эле 1 офицер, 2 аскер кызматкери жабыркаган. Ал эми кол салууну уюштурган 6 согушкердин баары жок кылынган. Азыркы тапта окуя болгон жерде иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан