- Саламатсыӊбы, Бактыгүл? “Жүрөк тагы” аталышындагы ырыңдын клиби мындан бир нече жыл мурун тартылган эле. Качан, кайда тартылган, эске салып өтсөң?
- Саламатсыздарбы? Ооба, андан бери 8 жыл өтүптүр. 2009-жылы майда, Кытайдын Хайнань аралында тартылган.
- Азыркыга чейин эле узактыгы 9 мүнөткө созулган клип жок десем болот. Клиптин идеясы, сценарийи кимге таандык?
- Сюжети турмушта болгон окуядан алынган. Идея клиптеги кийин бир тууганым болуп чыккан адамдын образын ойногон Бекзат Пирматовго таандык. Клипке камтылган окуялардан сырткары да жакшы кадрлар кирбей калган. Клипке бир окуяны толук камтыйлы дегенбиз. Ал окуяны элге түшүнүктүү кылып жеткириш үчүн тогуз мүнөт керек болду. Албетте, ырымдын узактыгы 9 мүнөт эмес, ошондуктан кызыктуу болуш үчүн “Реквием по мечте” киносунун музыкасын колдонгонбуз.
- Канча убакытта тартылып бүттү эле?
- Мейманкананын бөлмөсүндө болгон окуяны тарткан жерибиз бар го. Ал бөлмөдө атактуу Кытай актёру Жеки Чан дагы жашап кеткен деп айтышты. Күндүз эс алуучуларга тоскоол болосуңар дешип, клип тартууга түнкү саат 3төн таңкы 6га чейин гана уруксат беришкен. Клиптин башындагы жаңыдан таанышып, “деңиз сырларды терең катат” деп сүйлөшкөн жерибиз таңкы 05:30дарда тартылган. Жалпысынан клипти тартууга 2 аптадай убакыт кеткен. Анткени камераны Гонконгдон арендага алып, ал келгиче бир жума күтүп калганбыз.
- Ролуңду жеткире аткаргансың, образ жаратуу кыйынга турган жокпу?
- Турмушта жиним келсе, сүйүнсөм дагы, дароо бетимен билинип калат. Бирок камеранын алдында ойной алат экенмин. Соңунда бир тууган экенибиз билингенде мен чындап ыйлагам. Образга кирип кетип эмес, чарчаганымдан, уйкум келгенден ыйлагам (күлүп). Анткени тартуу иштери жогоруда айтылгандай, күнү-түнү жүргүзүлгөн болчу.
- Азыр клипти өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк болсо кайсы жерин өзгөртмөк элең?
- Мен жаратылышымдан өткөндү өзгөртүүгө аракет кылган адам эмесмин. "Өткөн ишке өкүнбө" деген жакшы сөз бар эмеспи. Өтүп кеткен нерсени эч качан кайтара албайсың. Ага өкүнүп, ойлоп убакытты коротуунун кереги жок. Клипти жаратууга салым кошкон досторума ыраазымын.
- Маегиңе рахмат, ишиңе ийгилик.