Ошто милиция кызматкеринин өлүмүнө кызганыч себеп болгон

Ошто милиция кызматкеринин өлүмүнө кызганыч себеп болгон. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.

"Кылмышка шектүү катары 4 жаран кармалды. Алардын бири аял киши. Айтымдарында, милиция кызматкерин өлтүрүүгө кызганыч себеп болгон. Кармалгандар бир үй-бүлө мүчөлөрү. Аял, анын күйөөсү, баласы жана иниси. Милиция кызматкери, Таирбек Уларовду 21-мартта эле өлтүрүшкөн. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти Ош ШИИБинен.

Кылмыштын бети Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ачылды.

Эскерте кетсек, 23-март күнү саат 15.30 чамасында Ош шаарына караштуу Учар айылынын канал бойлой кеткен Набережная көчөсүндө токтоп турган көк түстөгү Мицубиси үлгүсүндөгү унаанын ичинен 1973-жылы туулган Таирбек Уларовдун жансыз денеси табылган. Ал ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча Оштогу башкармалыгынын тескөөчү-коменданты болуп иштечү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
meni_kut
2017-03-25 10:53:23
4-адам Ким??
-4
ekaterinburg
2017-03-25 11:06:46
meni_kut,куйоосу,аялы,баласы,иниси..Жазылып турбайбы!
+3
kyrgyz.kg83
2017-03-25 11:00:30
Тапкыла тезеине деп буйрук бергенго сегизбаев,органдар тапай айласы кетин маркумдун уйбулосун басып калыптыр,мен чынында ищенбедим,черныйларга тиши отпой айла жоктун ишине барышканго
+4
Assalim
2017-03-25 11:02:04
Тушунбодум эчтекени.Походу милициядан аялын кызганган эркек олтургон го.Иниси аялы дейт.Кененирээк жазышпаптыр.Жарым жартылай.
+5
Nevestkaa
2017-03-25 11:12:11
Түшүнүксүз.Баарын аралаштырып ашмалтайын чыгарып анан өзүңөр түшүнүп алгыла дегендей эле го биягы.Мындай болбосо керек жыйынтыгы ишениш өтө өтө кыйын .Аял,күйөө,бала,иниси дептир ошондо төртөөнөн кимиси кимди кызганганын кылмыштын бетин ачкандар билет экенби.Ыстыранна го.
+2
almazbei
2017-03-25 11:21:34
Nevestkaa,))))))))))))
+1
evra_kg
2017-03-25 11:13:19
дагы бир шордуунун мойнуна койдуда
коз менен коруп кол менен кармаса
ишенем ушул кыргыз милиция кызмат керлерине
-1
ilgizk
2017-03-25 11:13:52
койсоңор э,
+1
almazbei
2017-03-25 11:20:10
Бакиев атып кетти дегендей эле болуп калыптырго ?
+1
Alibay
2017-03-25 11:22:28
Эмне эмне эле деп салышкан.ушундай деп айта тургула дешкенби эмне!Кимден ким ,эмнени кызганат,же кимди????По подробнее пожалуйста!
+1
Nevestkaa
2017-03-25 11:26:53
Өлгөн адам сүйлөбөйт ,бирөөнүн моюнуна илбей тыкыр иликтешсе.Каза болгон адамдын да балдарына атасын жаман аттуу кылып көрсөтпөй туура жыйынтык чыгаргыла.
+4
Bubu88
2017-03-25 11:51:06
Туура жазылган нерсени тууралап түшүнүп окуй албасанар өзүңөр күнөөлүүсунор окубай эле койгула да
+4
omurbek1990
2017-03-25 12:22:33
Bubu88,+++++++
0
kechirmeni
2017-03-25 12:54:32
Какой то бред пит )
-2
Uulka9293
2017-03-25 13:12:13
Кылмышка шектүү катары 4 жаран кармалды. Алардын бири аял киши. Айтымдарында, милиция кызматкерин өлтүрүүгө кызганыч себеп болгон. Кармалгандар бир үй-бүлө мүчөлөрү. Аял, анын күйөөсү, баласы жана иниси.
+2
zevs
2017-03-25 13:34:10
Kimdi kyzganyp tuwunuksuzgo.
-1
Ajibaeva2016
2017-03-25 14:48:32
Менин соседим болот экен байкуш,тактап билип беремго
+2
Mederbek0707
2017-03-25 19:10:53
Ajibaeva2016,билчи сен турасын айтчы туганым
-1
Ajibaeva2016
2017-03-26 00:30:18
Mederbek0707,эми билинетда,азыр бата журуп жатат
+2
jypara1415
2017-03-26 09:41:07
Ajibaeva2016, кутобуз
0
didu
2017-03-26 20:31:34
издеп корушот эч эле таппаса Бакиевке оодарып делону жабышатта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан