Ысык-Көл облусунун Каракол шааарында 21-23-май күндөрү манасчылардын башын бириктирген “Ысык-Кѳл - манасчылардын алтын бешиги” аттуу иш-чара ѳтѳт. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын Туризм, маданият жана маалымат бѳлүмүнүн башчысы Алик Асанов билдирди. Айтымында, бул күндөрү шаардык стадиондун жанына "Манасчылар өргөөсү" ачылып, белгилүү манасчылардын ысымдары түшүрүлгѳн таш белгилер орнотулат. "Иш-чара саат 09:00дө башталып, 22:00гө чейин уланат. Анда тынымсыз "Манас" айтылып, концерттик программалар тартууланат",- дейт Асанов. Кошумчалай кетсек, аталган иш-чара ѳкмѳттүн Ысык-Кѳл облусундагы ѳкүлчүлүгү жана "Тынчтык" коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.