Бүгүн, 25-мартта Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда "Береке" бий тобунун концерти болуп өттү. Концертке аталган топтун бийчилери, алардын жакындары, ырчылар Алтынай Нарбаева, Курал Чокоев, Нияз Абдыразаков, Темир Дамирбеков, "Non-Stop" дуэти жана башкалар катышышты. Ошондой эле бул күнү "Береке" бий тобунун негиздөөчүсү, көркөм жетекчиси Айнура Кыдыралиева "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды. Алган сыйлыгы, концертке болгон даярдыктары тууралуу ал буларды билдирди:
"Топтун түзүлгөнүнө 12 жыл, ал эми сахнада жүргөнүбүзгө 10 жыл болду. Бул убакыт аралыгында бир топ жаштарга бийдин түрлөрүн үйрөтүп чыгардым. Учурда 400дөй улан-кыздар топто тарбияланат. Концертке көп убакыт бою даярдандык. Албетте, ушунча адамдын башын бириктирип иштөө оңой эмес, кыйынчылыктары да болот. Ага карабай алдыга умтулуп, бий аркылуу элге жагымдуу, көтөрүңкү маанай тартуулап жатканды ойлогондо кубанасың. Бүгүнкү "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белги менен сыйланганыма толкундандым, кубандым. Бул нерсе дагы да болсо ийгиликтерди жаратууга түрткү берет", - дейт Кыдыралиева.
Концертте күйөрмандар жогоруда аталган топтун тарбиялануучуларынын түрдүү талантына күбө болду. Улуттук, заманбап, индия, өзбек жана башка элдин бийлерин чимириле бийлеген бийчилердин арасында кичинекей ырчылар да талантын тартуулашты. Ошондой эле Айнура Кыдыралиева топтогу мыкты бийлеген, өзгөчөлөнгөн окуучуларын атайын сыйлыктар менен сыйлады.