3-майда Казакстанда кыргызстандык 5 жаран автокырсыкка кабылып, 1 адам каза болду. Маалыматка ылайык, кырсыктан жаракат алган 4 жаран ооруканага жеткирилген. Окуя аталган өлкөнүн Аралагаш айылында болуп, анда Мерседес унаасы менен оор жүк ташуучу унаа кагылышкан. Мерседес унаасын башкарып бара жаткан айдоочу ошол жерден эле жан берген. Кырсыкка кабылгандар Баткен облусунун жашоочулары болушкан жана алар Орусиядан Кыргызстанга келе жатышкан.